12:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаев менен Чотоновдун иши. Айыпталуучулар үй камагында калтырылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, ага Айнура Сатарова төрагалык кылууда. 

Судья соттук териштирүүнүн кароо мөөнөтү аяктаганын, аны узартуу керектигин билдирди.

Айнура Сатарова жыйын бөлмөсүнөн чыгып, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чараларын узартуу тууралуу чечим чыгарганын айтты. Ошондой эле соттук териштирүүнүн мөөнөтүн дагы 2020-жылдын 29-февралына чейин узартты.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар