USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Air India учагынын бардык жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү каза болду

19:12, 12 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Air India авиакомпаниясынын кыйраган Boeing 787-8 Dreamliner учагынын бортунда 242 адам болгон. Алардын арасында Индиянын 169 жараны, 53 британиялык, 7 португалиялык жана 1 канадалык бар деп билдирет Reuters.

Басылманын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдүн арасында 11 бала болгон.

Эске салсак, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан AirIndia авиакомпаниясынын Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

Кырсык бортунда 232 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү болгон Air India учагы саат 13:17де Лондонго учуп баратканда болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18