10:27
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Актауда учак кырсыгы. Жабыркаган кыргызстандыктардын баары ооруканадан чыгарылды

Актаудагы авиакырсыктын үчүнчү жабырлануучусу бүгүн, 13-январда Улуттук госпиталдан канааттандырарлык абалда чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Эске салсак, 25-декабрда Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн. Учак Орусияга конуу аракети ийгиликсиз болгондон кийин шашылыш түрдө ал жакка багыт алган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган.

Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны болгон. 30-декабрда алар дарыланууну улантуу үчүн мекенине жеткирилген. 8-январда эки жабырлануучу ооруканадан чыгарылганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар