06:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Экс-депутат Садыр Жапаров жатак абакка которулбайт

Экс-депутат Садыр Жапаров жатак абакка которулбайт. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, уюшкан топтун же уюшкан кылмыштуу топтун курамындагы кылмыш үчүн соттолгондор мыйзам боюнча жатак абакка которулбайт. Ошондой эле аларга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт. 

«Соцтармакка жарыяланган жактоочунун суроолоруна жооптор жана справка чынында эле ЖАМКтын администрациясы тарабынан берилген. Бирок аларды даярдоодо жана берүүдө жогоруда аталган мыйзамдардын нормалары эске алынган эмес. Факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат, жыйынтыгы чыкса күнөөлүүлөр өз жазасын алышат», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шерабедин Токтосунов 24.kg агенттигине билдиргендей, алар ЖАМКтын токтомуна карата арызданышпайт. Анткени алар башында эле бул мекемеге кайрылышкан эмес. Бирок юристтер бул чечим менен да макул эмес.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

 

Эң көп окулган жаңылыктар