17:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ИИМ: 10 миң тартип сакчысы коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жаңы жылдык майрамга карата 10 миң тартип сакчысы коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады.

«Борбор калаада майрам күндөрү 2,5 миңден ашуун милиция нөөмөттө болот. Мындан тышкары милициянын патрулдук кызматы бөлүнүп берилген аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмакчы», — деп билдиришти ИИМден.

Кошумчалай кетсек, бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында тез жардам кызматынын 2 бригадасы нөөмөттө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар