08:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек мэриясы жаңы тез жардам унаасын сатып алат

Бишкек мэриясы жаңы тез жардам унаасын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Маалыматка караганда, шаардык муниципалитеттин саламаттык сактоо башкармалыгы «А» классындагы 6 унаа сатып алууга тендер жарыялады. Буга 12 миллион сом коротуу пландалууда.

Техникалык тапшырмаларда унаалар 2019-жылы чыккан болушу керек деп жазылат. Тактап айтканда, унаалар жаңы болушу, мурда оңдоодон өтпөгөн, кандайдыр бир тетиктери алмаштырылбаган жана мамлекеттик стандартка төп келиши шарт.

Эске салсак, былтыр мэрия тез жардам борборуна 6 унаа берген. Мындан тышкары 2 унааны борбор калаадагы сүт азыктары ашканасына берген.

Эң көп окулган жаңылыктар