15:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн акчага «Тез жардам» кызматына унаалар алынат

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн акчага «Тез жардам» кызматына унаалар алынат. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, «Коопсуз шаар» долборунан түшкөн каражаттары бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

«Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, медициналык тез жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу тез жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат», — дейт өкмөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби