14:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алматыдагы учак кырсыгынын хронологиясы жарыяланды

Алматы эл аралык аэропорту Bek Air авиакомпаниясына таандык учактын кырсыкка учурашынын хронологиясын жарыялады.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 93 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза тапканын билдирди. Учурда Алматыдагы ооруканаларда жаткан 49 адамдын жетөөсүнүн абалы оор деп бааланууда.

Алматы аэропортунун маалыматына караганда, учак асманга көтөрүлгөндөн бир мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган.

05.35 — каттоо башталган;

06.35 — каттоо аяктаган;

07.03 — жүргүнчүлөр учакка отургузулган;

07.21 — учак асманга көтөрүлгөн;

07.22 — учак радардан көрүнбөй калган;

07.24 — аэропорттун авариялык-куткаруу командасынын толук курамы үчүн айгай көтөрүлгөн (команданын курамында издөө жана авариялык-куткаруу кызматы, медициналык кызмат, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматы, атайын транспорт кызматы, аэродром кызматы, авиациялык коопсуздук кызматы, жүк ташуу кызматы, инженердик-авиациялык кызмат бар);

07.27 — аэропорттун авариялык-куткаруу командасы 6 «К» аймагына чогулган;

07.35 — учууларды көзөмөлдөө жетекчилиги учак кырсыкка учураганын кабарлаган;

07.36 — кырсык болгон жерге аэропорттун куткаруу командасынын өрт өчүрүүчүлөрдөн жана куткаруучулардан турган алгачкы тобу барып, абал тууралуу маалымат берип, эвакуацияны баштаган;

07.38 — кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулардан турган топ толук курамда барып, эвакуация иштерине кошулган;

07.39 — авариялык-куткаруу тобунун жетекчиси Алматынын медициналык мекемелеринен кошумча күч сураган;

07.42 — кырсык болгон жерге аэропорттун авариялык-куткаруу кызматы толук курамда барган;

08.10 — өз алдынча баса алган бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган;

29-декабрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында авиакырсыктан каза болгон казакстандыктар жерге берилди. Алматыда кырсыкта көз жумган юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров менен коштошуу зыйнаты болду. Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова менен дарыгер Арман Исин Нур-Султанда акыркы сапарга узатылды.

Эске салсак, бүгүн «Bek Air» авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султанга учуп бара жатып жерге кулап түшкөн. Анда 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгону кабарланган. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар