20:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек ара жаңжалы. Ооруканага 6 жабырлануучу түштү

Баткен облустук бириктирилген ооруканасына болжол менен саат 12 жарымда 6 жабырлануучу (анын ичинде 4 аскер кызматкери жана эки жай жаран) келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, бир жай жаран менен бир аскер кызматкери октон жарадар болушкан. Калгандарынын баш мээси чайкалып, жаракат алышкан. 

Жабырлануучулардын баарынын абалдары салыштырмалуу канааттандыраарлык. Учурда алар текшерүүдөн өтүшүүдө. Ок жаңылган аскер кызматкерине операция жасалмакчы. 

Эске салсак, окуя бүгүн саат 9да Көк-Таш айылында башталган. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан. Бир аз тыным алгандан кийин жаңжал кайра уланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума