08:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 9да Көк-Таш айылында болду. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24.kg агенттигине билдиргендей, учурда чек арадагы абал туруктуу, чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

Эске салсак, ушул жуманын башында мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жана тажикстандык тургундар арасында пикир келишпестиктер жаралган.

Эң көп окулган жаңылыктар