22:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан 2020-жылы салттуу музыка жумалыгын белгилейт

2020-жылы салттуу музыка жумалыгын Кыргызстандын бардык аймагы жогорку деңгээлде белгилейт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду.

«Бул жумалыктын негизги максаты — жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Иш- чараларга министрликтин карамагына караган бардык окуу жайлар тартылат», — деди министр.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгынын алкагында мастер- класстар, тегерек столдор уюштурулат.

Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук маданият министрлиги тарабынан 2008-жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар