08:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ашхабадда КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик балаты орнотулду

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда орнотулган Жаңы жылдык балаты КМШ мамлекеттеринин борбор шаарларындагы эң бийик балаты деп табылды.

Бул тууралуу CA-News жаңылыктар кызматы ТурСтат порталы тарабынан түзүлгөн рейтингге тыянып билдирди.

Ага ылайык, Ашхабадда 40, Ереванда 37, Ташкентте 36, Бакуда 34, Минскте 30, Душанбеде 29, Москва менен Бишкекте 27, Нур-Султанда 25 жана Кишиневдо 20 метрлик балатылар орнотулган.

Былтыр Түркмөнстандын борбор шаарындагы 38 метрлик Жаңы жылдык балаты Борбор Азиядагы эң бийик балаты деп табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар