11:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектеги № 36 автобустун багыты өзгөртүлдү

Бишкектеги № 36 автобустун багыты өзгөртүлдү. Эми коомдук унаа Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүнө кирбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эске салсак, жаңы 60 автобустун келиши менен мэрия жарандардын № 36 маршрутун жаңылоо тууралуу өтүнүчүн аткарып, № 36 жана № 48 автобустук каттамдарды ишке киргизген. Бирок Осмонкул көчөсүндө (Жибек Жолу проспектисинен акыркы аялдамага чейинки 1 миң 300 метр) район тургундары унааларын жол боюна токтотуп, коомдук унааларга тоскоолдук жаратып жатышат. Жолдун тардыгы көп орундуу автобустардын жүрүшүнө ыңгайсыздык алып келүүдө.

Комиссия мүчөлөрү аталган аймакты көрүп, текшерип чыккан соң, жарандардын коопсуздугун ойлоп мындан ары № 36 автобустун каттамын өзгөртүү чечимин кабыл алышты. (Чечим аталган райондун тургундары менен бирге кабыл алынды).

Мындан ары № 36 автобус «Ак-Ордо» калктуу конушунан Лермонтов көчөсүнө чейин гана каттап баштайт.



Эң көп окулган жаңылыктар