Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын жолдорунда кайрадан атайын автобус тилкелери пайда болоорун билдирди.
Анын айтымында, жолдордун көбү жайында оңдоого жабылгандыктан алар алынып салынган.
«Биринчиден, автобустарды көбүрөөк сатып аласыңар. Жаран А пунктунан В чекитине жетмейинче коомдук транспортко өтпөйт», — дейт депутат Дастан Бекешев.
Мэр учурда шаардын жолдорунда 1200 автобус жүрөт деп жооп берди. Шаар бийлиги быйыл дагы 300 бирдик жеткирилет деп күтүүдө.