08:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте окуучу адашып калып, үйгө кетчү жолду 14 саат бою издеген

Бишкекте окуучу бала адашып калып, үйгө кетчү жолду 14 саат бою издеген. Аны шаардын бир чекесинен табышты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 22-декабрда баланын ата-энеси милицияга кайрылып, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде саат 11:40та бала адашып калганын билдиришкен.

«9 жаштагы Иса Чолпонбаевдин жер астынан өтчү өтмөктүн жанынан адашып калганын милиция аныктап чыкты. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Издөө иштеринин натыйжасында баланы болжол менен саат 01:30да Ош базарынын жанынан таксинин айдоочусу тапкан. Ал милицияга кабар берип, кийин Ленин РИИБнын кызматкерлери окуучуну ата-энесине тапшырышты», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар