10:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

2,6 миң мектеп окуучусу «Илимдеги кыздар» долбооруна катышат

«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында насаатчылык программасына тандалып алынган 100 устат атайын окуудан өттү. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду билдирди.

Маалыматка караганда, окуудан өткөн насаатчылар «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында тандалып алынган окуучусу кыздарга жетекчилик кылат. Ал үчүн менторлукка бизнес-ассоциациялардан жана STEM адистиктерде ийгиликке жетишкен прогрессивдүү айымдар тандалды.

«Ментордук программада Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй жана Кара-суу райондорунан пилоттук мектептеринен 2600 окуучу кыз катышат. 5-6 айдын ичинде устаттар шакирттери менен өз тажрыйбасы, билими, көндүмдөрү профессионалдык жана жашоо тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Ментор STEM багыты тууралуу маалымат берип, келечек кесиптерди тандоого көмөктөшөт», — дейт фонд.

Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.

Эң көп окулган жаңылыктар