22:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык окуучулар Евразиялык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Информатика боюнча Алматыда өткөн XV Евразиялык олимпиадада кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир команда алтын, эки команда күмүш, дагы үч команда коло медалга ээ болду.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Эл аралык турга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 75 команда, жалпысынан 213 окуучу катышты.

«Олимпиаданын максаты — окуучулардын маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, окуучулардын маалыматтык маданиятын өнүктүрүү жана эсептөө илимдери, компьютердик моделдөө жана маалыматтык технологиялар жаатындагы эң таланттуу жаштарды аныктоо», — деп белгилешти мекемеден.

Эң көп окулган жаңылыктар