11:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

2020-жылы «Ак-Жол» — «Кордай» бекети жабылат

2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат. Бул тууралуу 19-декабрда Кыргызстан менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко эмки жылы «Кордай» бекетин оңдоо иштери башталарын айткан. Ушундан улам каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет.

Ошондой эле «Ак-Тилек» – «Кара-Суу» өткөрмө пунктунан жалаң жүк ташыган автоунаалар каттагандыктан, анын көпүрөсүндө да көйгөй бар экенин, ага да көңүл буруу зарыл экенин билдирген.

Казакстандын расмий маалыматы боюнча эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер. Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана автоунаалардын аздыгын жүйө келтирген.

Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам, 465 миңге чукул автоунаа өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар