15:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын 2-туруна 26 миң 983 жеңүүчү катышат

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын 2-туру 19-20-декабрь күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн бардык мектептеринде өткөн олимпиаданын 26 миң 983 жеңүүчүлөрү катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мурда олимпиаданын 2-туру үчүн тапшырмаларды райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү даярдашса, эми көз карандысыз эксперттер тарабынан даярдалган бирдиктүү тапшырмалар бир мезгилде (19-20-декабрь) сынак үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине жөнөтүлөт.

Олимпиаданын 2-туру эки этап менен өтөт — практикалык жана теориялык. Ал өлкө боюнча бир мезгилде — саат 10:00дө башталып, ар бири төрт саатка чейин созулат. Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине калыстар үчүн баалоо критейлеринин инструкциясы жөнөтүлөт.

Республикалык олимпиаданын экинчи турун өткөрүү жоопкерчилиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аймактык түзүмдөрдү тиешелүү олимпиаданы өткөрүү жана ар бир предметтер боюнча талаптардын инструкцияларын жөнөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар