17:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көл облусунда адам өлүмүнө шектүү жаран колго түштү

Ысык-Көл облусунда адам өлүмүнө шектүү жаран колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл РИИБге Суусамыр өрөөнүндө бадалдын арасында эркек кишинин сөөгү жатат деген билдирүү келип түшкөн. Каза болгон жаран Кожомкул айылында малчы болуп иштеп жүргөнү анык болду.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды. Алдын ала маалыматка ылайык, 23 жаштагы Р.Б. жана каза болгон жаран окуя болгон күнү таанышкан. Алар спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишет. Р.Б. аттуу шектүү К.К.ны сабап, колу бутун байлап, үстүнө унаанын шинасын таштап кетип калган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума