19:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нурзат Токтосунова: 10 жыл бою катуу иштеп, жеке жашоомо көңүл бөлө албадым

Нурзат Токтосунованын жеке архивинен
Фото Нурзат Токтосунованын жеке архивинен

Кыргыз журналистикасында өз ордун татыктуу ээлеп, сөз байлыгы, таланты, дарамети, стили жана билими жагынан кийинки жаштарга үлгү көрсөтө алган Маданияттын мыкты кызматкери, белгилуу теле алып баруучу Нурзат Токтосунова менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Биз сизди Кыргызстандагы белдүү алып баруучу катары тааныйбыз. Журналисттик кесиптен, же болбосо маданияттан тышкары, башка дагы кесипти аркалап көрдүңүзбү?

— Маданияттан тышкары, мен жогорку окуу жайында мугалим болуп иштейм. Ошондой эле, өзүмдүн курстарымда сабак берем. Ошондуктан, мугалимдик кесипти биринчи тандамакмын. Кайсы кесиптин ээси болсом да ошонун майын чыгара иштемекмин деп ойлойм. Алып баруучулукту билбей келип эле үйрөнгөнмүн. Негизи жаңы нерсени үйрөнүүдөн коркпойм.

— Мындан 4-5 жыл мурун саясатка аралашып жүргөнүңүздү билебиз. Эгерде мамлекеттик кызмат сунушталса барат белениз?

Нурзат Токтосунованын жеке архивинен
Фото Нурзат Токтосунованын жеке архивинен

— 

 Ооба, саясатка аралашып жүрчүмүн, саясатка аябай кызыгам жана ниетим бар. Эгерде мамлекеттик кызматтар сунушталса албетте макул болмокмун.  

 Ооба, саясатка аралашып жүрчүмүн, саясатка аябай кызыгам жана ниетим бар. Эгерде мамлекеттик кызматтар сунушталса албетте макул болмокмун. 

Бирок азырынча катары менен буюрса төрөп алайын деген тилектемин. Анткени бир жумушту баштасам аягына чыкмайын жаным тынбайт. Ошон учун азыр жаңы долбоор баштагандан коркуп турам, себеби жылдап убакыт кетип калышы мумкун.

— Убактынызды досторуңузга уурдаткан учуруңуз көп болобу?

— Мен 10 жыл бою убактымды эч кимге боло албай келдим. Анын айынан жеке жашоомдо дагы көп маселе жаралды. Убагында катуу иштедим, бир ай бою күнүнө иш чара алып барган күндөрүм болду.
Азыр эми досторум менен көбүрөөк кездешип баштадым.. Убактымды уурдатып эмес, тескерисинче идея айтып, алдыга сүрөгөн жакындарым бар.

— Азыр инстаграмда сизге катталгандардын саны 1 миллионго жакын экен. Алардын алдында жоопкерчиликчиликти сезесизби? Деги эле катталуучуларыңыз тууралуу эмне айта аласыз?

— Албетте катталуучуларымдын алдында жоопкерчиликти сезем, алар абдан жакшы адамдар. Себеби, алардын арасында инсандык өнүгүүгө, өзгөрүүгө, китеп окууга умтулгандары көп. Бизде негатив жок. Мен аларга ыраазымын.

— Сиздин атыныз Жайлоогүл деп коюлуп калганда элге чыкпаган кесипти тандайт белеңиз?

— Жайлоогүл болсом эч корунмак, тартынмак эмесмин. Ат адамды эмес, адам атты көрктөндүрөт. Азыр Нурзат Токтосунова эмес, Жайлоогүл Токтосунова деген инсан менен маектешип атмаксыз.

— Балдарды туура тарбиялоо, алардын инсандык калыптануусуна багыт берүү жөнүндө көп кайрыласыз. Өзүңүздүн кызыңыздын келечекте ким болуусун каалайсыз?

— Мен келечекте кызымдын бактылуу, билимдүү, көп тилде эркин сүйлөгөн жана бардык жактан жетиштүү болушун каалайм. 

 Чыгармачыл адам катары көргүм келбейт. Бирок эгерде өзү кааласа мен каршы болбойм.

Нурзат Токтосунова 

Балдардын оюн угуп, аларга ишеним артышыбыз керек. Ошондуктан балдарымды сүйүп, оюн уккан жана сыйлаган эне болом деп ойлойм.

— Кайсы бир маегинизде «Жаңы жыл тынч өтүп кетсе экен, не до Аяз ата болчу» деген экенсиз. Балалыгыныз кандай өттү эле?

— Балалыгым жакшы өттү. Жакшы ата-эненин тарбиясын алган кызмын. Энемдин акылынын, соз тапкычтыгынын 20 пайызын гана ала алдым. Атам болсо эч бир жанга таарынып көрбөгөн ак көңүл адам эле. Пенделик эч бир нерсеге кызыккан жок. Менин балалыгым джайлоодо өттү. Эсимде калганы карагайдын, шыралжындын, гүлдүн, арчанын мурунду ордогон жыты. Быйыл Швейцарияга барып Альпы тоолорунун башына чыгып, жаратылышына суктанып карап отуруп, биздин Кыргызстандагы тоо арасындагыдай жыт жоктугун байкадым. Жөн гана жыты жок кооз картина экен.

— Сиз ар дайым жеңишим керек деген ураан менен жүрдүңүз. Кээде жеңилесизби?

— Жеңишим керек деген урааным — бул ар кандай олимпиадаларда, кастингдерде, интеллектуалдык таймаштарда жана башка конкурстарда биринчи болом деп көнүп алгандыктан. 

 Бирок, жашоодо ар кандай болот, жеңилүүнү да билиш керек. Кызым жарык дүйнөгө келгенден бери жөн гана жеңилип койгон учурлар болот, бирок көп учурда Кудай колдойт.

Нурзат Токтосунова 

— Тар чойродо ырдап каласыз, ырчы болгунуз келеби?

— Жок ырчы болгум келбейт. Бирок жакшы эле ырдайм. Комуз менен ырдаганды аябай үйрөнгүм келет. Ал эми тар чөйрөдө суранычтар боюнча гана жар-жар айтам, кечелерде ырдаш үчүн 1-2 ыр жаздырып койгонмун.

Нурзат Токтосунованын жеке архивинен
Фото Нурзат Токтосунованын жеке архивинен

— Эне болгондон кийин жумуш арткы планга калып калдыбы?

— Ооба, кызым төрөлгөндөн кийин жумуш арткы планга өттү. Мурдагыдай экранды бербей калган учур жок. Азыр мен кызымдын кучактап ырахаттуу күндөрдү өткөрүп жаткан учурум. Ошентсе да быйылкы жыл мен үчүн болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Дүйнөдөгү бир топ күчтүү мамлекеттерди кыдырганга мүмкүнчүлүк алдым.

— Энергияны кайдан аласыз?

— Энергияны мен келечекке койгон максаттарыман жана кыялымдан алам. Ал максаттар мени уктатпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар