06:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аткезчилик. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион сомдон ашты

Кыргызстандан чектеш мамлекеттерге 1 миң 101 тоннадан ашуун техникалык майлар жана 1 миң 51 тоннадан ашуун кокс (мунайзаттын кайра өндүрүлгөн продуктусу) кайра иштетилүүчү продукциясын мыйзамсыз жол менен ташып бара жаткан факты аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион 539 миң 299 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чогултулган материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар