17:13
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Айыл чарбаны каржылоо — 7». 9 миң 946 жеңилдетилген насыя берилди

6-декабрга карата «Айыл чарбаны каржылоо — 7» долбоорунун алкагында 5 миллион 118 миң 400 сомго 9 миң 946 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 миллион 156 миң сомго 2 миң 859 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка — 2 миллион 614 миң 700 сомго 6 миң 757 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миллион 347 миң 700 сомго 330 жеңилдетилген насыя берилди.

Аталган долбоордун алкагында каражат ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби