USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ӨКМ: Дайынсыз болуп жаткан эки кызматкер табыла элек

10:35, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө дайынсыз болуп жаткан эки кызматкер дагы деле табыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерине 94 куткаруучу жана 38 даана оор техника тартылды.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика