19:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Аалам сулуусу» сынагын Африканын чүрөгү жеңип алды

АКШнын Атланта шаарында өткөн «Аалам сулуусу» сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу ЖМК маалымдайт.

Сынакка ар кайсы өлкөлөрдөн 79 сулуу катышты. Анда «Түштүк Африка» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Зозибини Тунзи жеңип алды.

Зозибини Тунзи өзүнүн инстаграм баракчасында ар бир кичинекей кызды кыялданууга жана өзүнө ишенүүгө чакырды.

«Аалам сулуусу» сынагынын уюштуруучулары Зозибини Тунзи жынысына карата бөлүүгө каршы чыгып, табигый сулуулукту туу тутарын маалымдаган.

Ага чейин Африка өлкөлөрүнөн 2011-жылы Лейл Лопес бул сынакты жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар