14:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Талантбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды

УКМКнын тергөө бөлүмү ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата козголгон кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Эске салсак, буга чейин ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иши башталганы кабарланган.

Маалыматка ылайык, Талант Исаев 2011-жылдын 30-майында ИИМдин кадры экенине карабай «Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын вице-президенти кызматына дайындалган. Ал жактан директорлор кеңишинин чечими менен пайызсыз насыя алып, кайрат аны төгүп берген.

««Ички иштер органы жөнүндө» мыйзамга ылайык, органдын кызматкерлери пайызсыз алган насыяны ишкерликке жумшабаса, мыйзамга каршы келбейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар