07:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты 24.kg агенттигине УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

УКМК толук маалымат берген жок. Айрым маалыматтарга таянсак, кеп Талант Исаевдин «Манас Менеджмент» ЖАКта вице-президент болуп турган маалында 50 миң доллар өлчөмүндө пайызсыз ссуда алгандыгы тууралуу болууда.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен кармалган. Андан кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган. Кийин Канатбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулуп, Талант Исаев кызматына кайтып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар