18:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте феминале көргөзмөсүнө каршы митинг өтөт

Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде өтүп жаткан феминале көргөзмөсүнө каршы митинг өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын маалыматында, көргөзмөгө каршы жарандар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдыда чогулушат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада музейде феминале көргөзмөсү 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өтүүдө. 

Көргөзмөдө үй-бүлөлүк зомбулук, миграция, сойкулук жана башка темалар чагылдырылган. 

Социалдык тармактын колдонуучуларына көргөзмөгө жылаңач айымдардын чыгарылышы жана кээ бир лозунгдар жага берген жок. Мындай көрүнүштөрдүн аялдардын укугу менен байланышы жоктугу айтылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума