17:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Аэрофлот» авиакомпаниянын «Бишкек — Москва» каттамы дээрлик 6 саатка кармалууда

«Аэрофлот» авиакомпаниянын «Бишкек — Москва» каттамы дээрлик 6 саатка кармалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти. 

Маалыматка караганда, алгач учуу саат 6:05ке пландалган. Бирок белгиленген убакта учакка отурууга чакырышкан эмес. Болгону саат 6:10до жүргүнчүлөргө Бишкектин аба ырайына байланыштуу учуу кармалууда деп жарыялашкан. Азыркыга чейин аба майданда коюу туман тарабай турат. Кийинчерээк каттамтардын ырааттамасы жазылган таблого каттам саат 9да ишке ашырылат деп жазышкан.

«Бирок жарым сааттан кийин дагы жылдырылганы маалым болду. Жүргүнчүлөр муздак залда күтүүгө аргасыз. Биз бир канча жолу кызматкерлерге кайрылдык, алар сыртта суук болгондуктан, зал дагы жылыбай жаткандыгын айтышууда», — дешет окурмандар.

Учурда аталган каттам саат 13:40та учат деген маалымат келип түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби