07:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат Ирина Карамушкина ИИМдин сурагына күбө катары барууга даяр

Депутат Ирина Карамушкина ИИМдин сурагына күбө катары барууга даяр. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине өзү билдирди.

Айтымында, азырынча аны эч ким чакыра элек жана чакыруу кагазын дагы бере элек.

Буга чейин КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов Фейсбукка ИИМдин тергөө башкармалыгы ал аркылуу Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина үчүн чакырууну берүүгө аракет кылганын жазып чыккан.

«Күбө катары TBEAнын иши боюнча буга чейин деле чакырып жүрүшкөн. Эгерде мага чакыруу келсе, суракка барам», -деди ал.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасы бүгүн чыгышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар