13:06
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Түркмөнстанда мектептер жылыбай жатат

Түркмөнстанда улуттук коопсуздук кызматкерлери орто мектептердин газ менен камсыздоо жана жылытуу системаларын текшерүүнү баштады. Атайын кызмат өкүлдөрү директорлордон жылуулук көйгөйүн ачыкка чыгарууга тыюу салды.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы сууктун түшүшү менен турак жайларды, мектеп имараттарын жылытуу кыйындаганын билдирген.

Түркмөн бийлиги газ куурларын жаңылоону пландап жатканын жарыялады. Бул арада атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия мектепти жылытуу үчүн газ баллондорун колдонуу ыктымалдуулугун да карап жатат.

Ага карбай, жергиликтүү бийлик окуучулардан сабакка мектеп формасы менен келүүнү талап кылууда.

Түркмөнстанда жапырт газдаштыруу жараяны башталгандан кийин газ баллондорун колдонуу токтогон. Бирок өлкөдө газ куурлары жок калктуу конуштар да бар. Буга байланыштуу жашоочулар үйлөрүн жылытуу үчүн электр мештерин да пайдаланышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар