17:09
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Батирлерди суткасына ижарага берүүнү кайра мыйзамдаштыруу сунушталууда

Батирлерди суткасына ижарага берүүнү кайра мыйзамдаштыруу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун Маданият,маалымат жана туризм министрлиги коомдук талкуулоого салды.

Белгилей кетсек, 2016-жылы батирлерди суткасына жана саатына ижарага берүүгө тыюу салынган.

Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүндө, туризм тармагынын өнүгүүсү үчүн ага ар бир адам кошула алышы керек.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда батирди суткалык жана сааттык ижарага берүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынат. Бирок, чынында, бул мыйзам иштебей келет. Көпчүлүк турак жай ээлери жеке менчигиндеги батирлерин мындан ары да берээрин баарыбыз билебиз. Бул иштер кандай жолдор менен ишке ашып жатканы ар бир адамга белгилүү. Бул жерде жемкорлук схемалар бар », -деди Максат Дамир уулу.

Аткаминер бул ишти мыйзамдаштыруу жакшы экендигин белгилеп, туримзм тармагында расмий түрдө иш алып баргысы келген адамдарга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби