21:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Шинжаң лагерлер тууралуу документтердин жарыяланышын «фейк» деп атады

New York Times гезити билдиргендей, 16-ноябрда жарыяланган документте «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалган кишилерин туугандарына кандай жооп берүү керектиги тууралуу аткаминерлер үчүн көрсөтмөлөр камтылган. Документке ылайык, жоопто «алар өкмөт тарабынан түзүлгөн билим берүү борборунда экени жана ал жерден кете алышпай турганы», мындан тышкары «алардын качан чыгарына үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму роль ойной турганы» айтылышы керек.

Reuters агенттиги маалымдагандай, ар түрдүү нускамалардан тышкары документте Кытай президенти Си Цзиньпиндин 2014-жылы Шинжаңдагы чиновниктер менен жолугушуусу учурунда сүйлөгөн сөзү камтылган.

Шинжаң New York Times гезитиндеги материалды ички жана тышкы душмандар тарабынан даярдалган «фабрикация» деп мүнөздөдү.

NYT документтер Кытайдын саясий истеблишмент мүчөлөрүнүн бири тарабынан берилгенин кабарлаган. Сыр калууну суранган булак «бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу партия жетекчилеринин, анын ичинде Си Цзиньпиндин жапырт камоолор үчүн жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербейт» деп үмүт арткан.

Дүйшөмбүдө Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыяланган документтердин анык экенин төгүндөгөн жок жана Кытай өкмөтүнүн Шинжаңдагы программасы ийгиликтүү жүзөгө ашканын, аны башка өлкөлөр да колдонсо болорун билдирди.

Документтерге ылайык, Шинжаңда лагерлерде кармалгандарын саны 2016-жылы кескин көбөйгөн. Бирок алардын так саны айтылган эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка аз улут өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат.

Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар