21:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Дагы 27 кыргызстандык студент Гонконгдон чыгып кетишти

18-19-ноябрь күндөрү дагы 27 кыргызстандык студент Сянгандан (Гонконг) учуп кетишти. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, студенттер Бишкекке Алматы жана Москва каттамдары аркылуу учуп кетишти.

Калган студенттерди Сянгандан 21-21-ноябрда чыгарып кетүү пландалууда.

Буга чейин 24.kg агенттигине Гонконгдо билим алып жатышкан кыргызстандык студенттердин ата-энелери кайрылып, ТИМдин аракетсиздигине арызданышкан.

Эске салсак, Гонконгдо бир канча айдан бери нааразычылык акциясы өтүүдө. Алгач эл көчөгө чыгып экстрадициялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдиришкен. Бирок, бийлик аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн баш тарса деле, нааразы болгондор шаарда башаламандык уюштуруп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар