11:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Белек Айдаров: Литвалыктар чынчылдыгы жана жөнөкөйлүгү менен суктандырат

Белек Айдаров 10 жылдан бери Литва мамлекетинде жашайт. Учурда Вильнюс шаарындагы эл аралык аба майданда «Түрк аба жолдору» компаниясынын өкүлү болуп эмгектенет.

Мекендешибиз 2002-жылы Таластагы «Улукман» лицейин аяктап, Ош техникалык университетинин башкаруу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. Андан кийин окуусун Литвада улантат.

Белек Айдаров Литванын билим берүү тутуму, жергиликтүү элдин өзгөчөлүгү тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды
Фото Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды

— Билимиңизди Литвадан улантууга эмне себеп болду?

— Тилекке каршы, Кыргызстандын ЖОЖдору диплом бергени менен иштеп кете тургандай сапаттуу билим бере албайт. Андыктан мага дагы алган билимимди өнүктүрүү керек болду. Студент кезде атайын программа менен бир жыл келип Литвада окуп кеткенмин. Билим берүү тутуму менен жакшы тааныш болгондуктан, ушул өлкөдөн улантайын деген чечим кабыл алдым. Вильнюс университетинин эл аралык мамилелер жана саясат факультетине тапшырып, магистратураны аяктадым.

Бул жакта университетти бүтүргөндөр өз адистигине керектүү билимге ээ болушат. Студенттер окуусуна, тандаган кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Кыргызстанда контракттык негизде окуган студенттердин көпчүлүгүн ата-энелери каржылап, төлөп окутат эмеспи, Литвада андай көрүнүш жокко эсе.

Жергиликтүү студенттер жайында АКШ, Европага барып иштеп өзүн-өзү каржылашат. 17ге чыкканда өз алдынча бөлүнүп батирге чыгып кетишет, ата-энесинин оозун карап отурушпайт.

— Окууну аяктагандан кийин бат эле жумуш таба алдыңызбы?

— Мен жалпысынан 7 тил билгендиктен кыйналган деле жокмун. Кесибим болгондуктан жумуш да оңой табылды.

Вильнюста 2010-2013-жылга чейин тил үйрөтүүчү эң чоң жеке мекемеде англис тили мугалими болуп иштедим. Литва Европа биримдигине кошулгандан кийин мамлекеттик кызматкерлерге англис тилин билүү шарты коюлуп, өкмөт окутууга киришкен. Биздин компания тендерди утуп алып, Экономика министрлиги, Салык инспекциясы, мэрия жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин окуттук. 

Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды
Фото Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды

— Учурда аба майданда иштеп жатам дедиңиз, бул тармакка кантип келип калдыңыз?

— 2013-жылы күтүлбөгөн жерден аба майданда иштөөгө сунуш түштү. Ошондон бери «Түрк аба жолдорунун» өкүлү болуп эмгектенем. Билет сатуу, учактардын келип конгонунан баштап жүргүнчүлөрдү каттоодон өткөргөндөрдүн, жүктөрдү текшергендердин, ал тургай тазалык кызматкерлеринин үстүнөн карап, баардык операцияларга байкоо салып турабыз.

Бул жакта жумушка кирүүдө эч кандай көйгөй жаралбайт. Кыргызстандагыдай болуп жумушка кириш үчүн «шапкасын» бериш керек деген түшүнүк жок. Баары ачык-айкын. 

— 10 жылдан бери жашап, отурукташып калыпсыз, жергиликтүү элдин салт-санаасына көнүп деле калсаңыз керек?

— Кантсе да 70 жыл совет доорунда чогуу болгонбуз, айрым окшоштуктарды байкап калам. Мисалы, архитектурасында, мында да хрущевка үйлөр бар.

Айрым райондорун «Асанбай», 5-6-кичи райондорго окшоштурам. Бул жакта Кыргызстандын тоолору жетишпейт.

Кыргызстанда той-топур, ашкере ысырапкорчулук бар эмеспи, мындагылар ал маселеге кылдаттык менен карашат. Мисалы, үйлөнүү үлпөт той боло турган болсо, ашып кетсе 30-35 киши гана чакырылат. Ал жерде ата-энеси, бир туугандары чогулат. Литвалыктардын дагы бир өзгөчөлөгү- жөнөкөйлүгү.

Бизде жаштар арасында бренд кийимдерин кийиш керек деген көйгөй бар, буларда андай жок. Аны студент кезде эле байкадым. Ыңгайына карап таза, тыкан кийинип жүрүшөт. Колунда барлар дагы уялбай «секонд хендден» сатып ала беришет.

Белек Айдаров

Балдарын кичинесинен чынчылдыкка, тартипке тарбиялашат. Жыл сайын кышында, көлдүн үстүнө муз тоңгон маалда, жергиликтүү эл балык кармаганы чыгышат. 3-4 жыл мурда балык кармап жаткан 12 жашар балага көзүм түштү. Анын жанына барып канча балык кармагынын сураганымда, 2 балык деп жооп берди. Бирок чакасында 1 гана балык бар экен, «экинчиси кайда?» деп сурасам, «Аны кое берип жибердим. Анткени быйылкы кышта ал балыктын түрүн кармаганга тыюу салынган», — деди. Болбосо анын балыгын эч ким текшербейт деле. Баланын чынчылдыгын карабайсыздарбы?!

Бийлик адамдары дагы катардагы жарандар сыяктуу кезек күтүп турганы бул жакта көнүмүш адат. Эли жумушка бекем, убакытка так, сабырдуу, берген убадасына турат.

— Тамак-ашы кандай экен?

— Чынын айтсам, тамак ашы жаккан жок. Анын үстүнө динибиз башка болгондуктан, биздин табитке дал келбейт. Калоочулар үчүн мында вегетариан ашканасы өнүккөн.

— Анда улуттук тамак-ашты сагынсаңыз керек?

— Келинчегим литвалык, түтүн булатып бирге жашаганыбызга 10 жылга чукулдады. 4 уулубуз бар, улуусу 8де, кичүүсү 1 жарымда. Жубайым ислам динин кабыл алган, мусулман. Кыргызстандын тамак ашын апам жакшылап үйрөтүп койгон, андыктан үйдөн кыргыздын улуттук тамак-ашын жасап турат.

Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды
Фото Белек Айдаровдун жеке архивинен алынды

— Литвада кыргызстандыктар барбы?

— Буга чейин кыргызстандыктардан унаа базарга келип, соода кылып кеткендери болчу. Туруктуу отурукташып калган 5 үй-бүлө бар, ошондой эле 30дан ашуу кыргызстандык жарандар иштеп жүрүшөт. Алардын айрымдары унаа тейлеген жайларда, курулуш, тигүү жаатында эмгектенишет.

Албетте, ар кандай майрамдарда, иш-чараларда кезигип турабыз. Жакында расмий түрдө кыргыздардын диаспорасын каттаталы деген ниет бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү