23:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Якутияда кыргыздарга каршы экинчи митинг өттү

Кечээ кечинде Якутияда кыргыздарга каршы митинг өттү. Шаардагы спорткомплекстин бирине жергиликтүү калк бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн топтолду.

Анда республика башчысы Айсен Николаев миграциялык көзөмөлдү катаалдантууну буйруду.

«Кылмыш жасаган мигранттар менен укук коргоо органдары иш алып барат», — деди ал.

Социалдык тармактагы видеолордо жолугушуудан кийин

Якутск шаарынын тургундары кыргызстандыктарды чыгарууну талап кылышууда. Алар 17-март күнү дагы борбордук аянтка топтолушкан. Нараазычылыкка 23 жаштагы кыргыз жигитинин жергиликтүү аялды зордуктоого шектелгени себеп болууда. Аял көчөдөн уурдалып, мигранттардын тобу тарабынан зордукталган.

Социалдык тармактарда коомдук жайларда кыргызстандыктарга коркутуп-үркүтүп, уруп согуулар болуп жатканы айтылат. Якутиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жазбек Бекболиев кечээ көчөдө беш кыргыз сабалганын маалымдады.

Миграция кызматы, Саха республикасында 10 миңге жакын кыргызстандык эмгектеренин айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума