09:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик центр ачылат

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик центр ачылат. Бул тууралуу «Инсан-Лейлек» коомдук фонду биилдирди.
 
Маалыматка караганда, долбоорду «Инсан-Лейлек» коомдук фонду менен «Кыргыздипсервис» дипломатиялык кызматы ишке ашырат.
 
«Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны Россияда жашаганы менен, оор турмуштук кырдаалга туш болгон мигранттар үчүн кризистик борбор жок. Ошондуктан, «Инсан-Лейлек» коомдук фонду 2023-2030-жж стратегиясынын алкагында мажбурлап иштетүүгө, адам сатуунун курмандыктарына жана ар кандай кырдаалга кабылган эмгек мигранттарына биринчи зарыл жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү пландаштырууда», — дейт коомдук фонд.
Эң көп окулган жаңылыктар