03:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент: Кыргыз эли Советтер биримдиги кулаган маалда эле биримдигин көрсөткөн

Кыргыз эли 1990-жылдардын башында Советтер биримдиги кулаган маалда эле биримдигин көрсөткөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элдер ассамблеясынын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада айтты.

Ал билдиргендей, 1990-жылкы окуялар баардык өлкө үчүн тарых сабагы болуп калды.

«1990-жылы республиканын түштүгүндө болгон окуя этникалар арасында чыңалууну жараткан. Бул абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөн», -деди президент.

Ал кыргыз эли ар түрдүү улуттар менен бирге жашоону колдоп келгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар