19:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Памирдеги кыргыздарга сасык тумоо менен күрөшүүгө жардам берүү сунушталды

Ооганстандын Памир аймагында жашаган кыргыздар сасык тумоого каршы дары-дармек муктаж. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, Памирде эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат.

Депутат Сасык тумоо менен күрөшүү үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам чараларды көрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Памирде 1,5 миңдей этникалык кыргыздар жашайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар