11:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ырчы Минюра Рахимжанова Кремль сарайында ырдап чыгат

Ырчы Минюра Рахимжанова Кремль сарайында ырдап чыгат. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Айтымында, 11-декабрда Москвада «ХХ кылымдын легендардуу мелодиясы» аттуу концерт болот.

«Жайында Крымга барып маэстро Сергей Жилиндин колунан окуп келгем. Эми анын чакыруусу менен концертке катышам. «Таврида» Сергей Жилиндин джаз мектебинин аткаруучулар тобунда мен дагы бармын», — деп жазат ырчы.

Эске салсак, октябрда Кремль сарайында Самара Каримова жеке программадагы концертин берди.

Эң көп окулган жаңылыктар