10:59
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Самара Каримова: Кремлде ырдоо- өзүмө эле эмес, кыргыз маданияты үчүн да тарых

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Кремль сарайында жеке программадагы концертин берүүгө даярдык көрүп жатат. Ал буга чейин Ташкентте жеке концерт берген. Самара Каримованын кытай тилинде ыр жаздырганын эске алсак, ырчы эл аралык деңгээлге чыгуу аракетин көрүп жатканын байкоого болот.

Үй-бүлө менен карьерасын бирге алып жүргөн ырчы чыгармачылыгы тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Самара Каримованын жеке архивинен алынды
Фото Самара Каримованын жеке архивинен алынды

— Алгач Кремль сарайында өтө турган жеке концертиңиз тууралуу сүйлөшсөк, даярдыктар кандай жүрүп жатат?

— Кремлде өтүүчү концертим пландалган иш. Бул үчүн көп аракеттер жумшалды, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, кыскасын айтканда оңойго турган жок.

Ыр дүйнөсүнө аралашкандан бери аздыр-көптүр элге таанылып, күйөрмандарды топтодум. Коңшу мамлекеттерден Ташкентте жеке концертимди бердим. Ал абдан жогорку деңгээлде аншлаг менен өттү. Эми Өзбекстандын борбор кааласында 4 жарым миң орундуу залга концерт коюп берүүмдү суранып жатышат. Аны эмки жылга жылдырдым.

Азыр баш отум менен Кремлдеги концертиме даярданып жатам. Бирок, ар бир эле чыгармачылык иш-чара толкундоо менен өтүп, чоң жоопкерчиликти талап кылат. Бул концертти Орус филармониясынын оркестри коштоп турмакчы. Ал эми Италиядан ырчы Ingrid айым атайын конок катары чакырылды. Аны менен дуэт ырдаганы турабыз.

Мен үчүн эле эмес, кыргыз маданияты үчүн бул тарых деп ойлойм. Себеби, Кремлде союз мезгилинде Мыскал Өмүрканова эжекебиз барып «Алымканды» созгондон бери кыргыз ырчыларынан анын сахнасына чыккандар болгон эмес экен.

— Бир канча тилдерде ырдап жүрөсүз, Кремлде кайсыл тилдерде чыгармалар жаңырат?

— Мен негизи көп тилде ырдаганды жактырам. Кыргыз тилинде гана эмес, орусча, англисче, түркчө, французча, өзбекче, кытайча ырдайм. Кремлдеги концертте программага батса казакча да ырдайм.

Самара Каримованын жеке архивинен алынды
Фото Самара Каримованын жеке архивинен алынды

— Ingrid менен кайсы тилде ырдайсыздар?

— Негизи мага Ingridдин ырлары жагат. Орусиялык «Арт плюс» чыгармачыл бирикмесинин продюсерлери менен иштешип жатабыз. Алар көп ырчыларды кошкон, ошолордун ичинен Ingridди тандап алдым. Анткени жаңыча нерсени кааладым. Сүйлөшүүлөр болуп, чет өлкөлүк ырчы айым макулдугун берди. 23-октябрда 2 ырды француз тилинде дуэт ырдайбыз.

— Кремль сарайындагы орундуктар 6 миң кишиге эсептелген, сиз ушундай чоң аудиторияга концерт коюп көргөнсүзбү?

— Бизде Спорт сарайы 2 −2,5 миң кишиге ылайыкташтырылган. 3 миңге чейин киши баткан жабык имараттарда концерт берип жүргөм. Ал эми ачык жерлерди айта турган болсом, 6-10 миңдик орундуктуу чоң стадиондордо ырдап келгем. Бирок бүт чыгармачыл адамдардын каалоосу болгон, дүйнө жылдыздары келип концерт койгон Кремль сарайында ырдоо -мен үчүн өзгөчө жетишкендик болот.

— Үй-бүлөө менен чыгармачылыкты бирге алып кеткен активдүү айымдардын катарындасыз, убакытты кантип туура пайдаланасыз? Балдарыңызды караган жардамчы барбы?

— Баарын бирдей алып кетүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм. Балдарыбыз дагы чоңоюп калышты. Улуурактары мектепке барышат. Үй-бүлөм мени ар кандай кырдаалда колдоп, жолдошум, жакындарым жана апам жардам берет. Социалдык тармактардагы күйөрмандарым менен дагы пикир алышууга жетишем.

— Катталуучулардын арасында жакшы кебин айткандар менен бирге сын пикир айткандар болот, сынга кандай карайсыз? Негативдүү пикирлерге кантип туруштук бересиз?

— Интригадан узак адаммын. Чычалай бербейм, анткени кандай экенимди өзүм билем. Ар ким менен урушуп отургуча, бир жаңы ыр жаттаганым жакшы деп ойлойм. Күйөрмандарымдын баарына сый мамиле кылам. Жакшы, жаман сөзүнө дагы ыраазымын. Албетте, соцтармактарда бирөөнүн тапшырмасы менен жазгандар да болот. Андайды баарыбыз билип эле калдык. Элдин баарына дагы жагыш кыйын. Мен өзүм соцтармакка бир нерсени чын жүрөктөн жарыялайм. «Эл эмне деп жазып жиберет» деп ойлонуп, депрессияга кирип кете тургандардан эмесмин. 

Самара Каримованын жеке архивинен алынды
Фото Самара Каримованын жеке архивинен алынды

— Нурлан Насип менен аткарган дуэтиңиздерди эл жакшы кабыл алышты. Дагы дуэт аткаруу планда барбы? Кимдер менен дуэт аткарууну каалайсыз?

— «Бололу бирге» аттуу ыр учурунда хит болгон, көрүүчүлөрдүн саны миллиондон ашкан. Анын аркасы менен чет мамлекеттерге чакыргандар болду. Кийин ырчылар Юлий Руцкая, Данияр Эрматов менен дуэт аткарганмын. Ташкенте өткөн концертте Өбекстандын Эл артисттери Азатбек Назарбеков, Гүлсанам Мамазоитова, Батыр Кадыров менен бирге ырдадык.

Менин максатым- кыргызстандык ырчылар менен гана эмес, чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен дуэт аткаруу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү