12:46
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Кумтөр» тогуз айда 14 тоннадан ашуун алтын өндүрдү

«Кумтөр» тогуз айда 14 тоннадан ашуун алтын өндүрдү. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. жана «Кумтөр Голд Компанинин» 2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарында айтылат. Маалыматка ылайык, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрү 10 миллиард сомдон ашты. 

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Ушул жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 4 миң 675, 01 килограммды түзсɵ, ɵткɵн жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүч 3 миң 808,47 килограмм болгон. Бул чейректе жетишкен ɵндүрүштүн ɵсүшү № 18 жана № 19 жумуш зоналарынан алынган алтын курамы байыраак кендин иштетилүүсүнɵ жана анын ылгоо коэффициенти жогору болуусуна байланышкан.

III чейректе 4 979,30 килограмм алтын сатып өткөрүлдү. Андагы жалпы киреше 234,4 миллион долларды түздү.

2019-жылдын август айында өкмөт менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды. Ошондой эле 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

Геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктары

«Кумтөр» кениндеги геологиялык чалгындоо иштери Борбордук карьердин капталдарында кошумча минерализация аймактарын табууга багытталган. Кенди иштетүү мɵɵнɵтүн узартуу үчүн ɵзгɵчɵ кɵңүл «Хоккей клюшкасы» зонасына жана «SB» зонасынын тɵмɵнкү горизонтторуна бɵлүнгɵн. Ошондой эле, геологиялык чалгындоо иштеринин максаты ачык ыкма менен иштетүү ресурстарын кɵбɵйтүү үчүн Борбордук карьердин түндүк-чыгыш боорундагы, Борбордук жана Түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы, ошондой эле, Сарытөр участогунун капталындагы жер бетине чыккан зоналарынын минерализация потенциалын тактоо. 2019-жылдын III чейрегинде бардыгы 67 алмаз бур скважиналары бургуланып жалпы узундугу 18 миң 215 метрди түзгɵн, жана анын ичине «Хоккей клюшкасы» зонасындагы запастарды тактоо максатында тыгыздап бургуланган 11 миң 472 метр да кирген.

Бургулоонун натыйжалары менен бургулоо скважиналары жайгашкан маалымат жана Кумтөр кенинин картасы SEDAR (Канаданын электрондук маалымат талдоо жана издөө) системасына www.sedar.com жүктɵлгɵн жана www.centerragold.com веб-сайтында жеткиликтүү.

Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2019-жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 10,79 миллиард сомдутүздү.

1

Эскертме:

2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Жаратылышты өнүктүрүү Фондуна жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна тɵлɵмдɵр Кыргызстандын өкмɵтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 11 сентябрда түзүлгɵн Стратегиялык келишимине ылайык жана 2019-жылдын 8-июлунда каралган Кошумча тɵлɵмдɵрдү эске алуу менен жүргүзүлɵт.

Комментарий

«Центерранын» президенти Скотт Перринин айтымында, ушул чейректе ɵндүрүштɵгү олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүчтɵрүнɵ жетишилди. «Мисалы, «Кумтɵр» кени бир жыл бою жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишти. Ушундай сыяктуу ийгиликтер жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ жетишүү Центерра үчүн аткарып жана жетише ала турган максат экенин билдирет. Мындай кɵрсɵткүчтɵр биздин жалпы кызматкерлерибиз «Центерранын» «Work Safe — Home Safe» коопсуздук программасын кынтыксыз колдоорун кепилдеп, биздин баалулуктарды жана туруктуу өнүгүүбүздү үзгүлтүксүз бекемдɵɵгɵ жана ɵркүндɵтүүгɵ жалпыбыздын жана ар бирибиздин багыт алуубуз керек экенин билдирет«,- деди ал.

«Кумтөр» кени Кыргызстанда жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жылдын 30-сентябрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,5 миллион унцияга алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» дүйнөдɵгү алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи — «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар. Азыркы учурда Түркияда өзүнүн жаңы Оксүт кенин куруу үстүндɵ жана Канаданын эки кенин: Кемесс жана Гринстоун (50% акция) долбоорлорун иштетүүдɵ. Ошондой эле Канада, Финляндия, Мексика, Швеция, Түркия жана АКШда биргелешкен геологиялык чалгындоо ишканаларын сатып алууга опциондору бар.

Андан тышкары Компания молибден түзүмдөрүнө кирген бир катар активдерге ээлик кылат: АКШда жайгашкан «Лангелот» тоо өнөр-жай комплекси менен «Томпсон Крик» кени, жана Британ Колумбия (Канада) провинциясындагы «Эндако» кени.

«Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргызстан «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн — 77 миллион 401 миң 766 акциясынын кармоочусу.

2019-жылдын 14-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 637 миллион доллардан ашты.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2019-жылдын III чейреги боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.comжана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар