06:43
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Кумтөр» компаниясынын кызматкери киши колдуу болуп өлдү

«Кумтөр» компаниясынын кызматкери киши колдуу болуп өлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИББдан билдиришти.

Окуя 5-ноябрда Каракол шаарында катталган.

Маалыматка караганда, облустук ооруканага 1985-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран келип түшкөн. Ал бычактан алган жараатынын айынан өзүнө келбей каза болду.

«Кылмышка шектүү делип каза болгон жарандын кесиптеши Т.Т. кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алды. Билдирүүгө ылайык, алар ичимдик ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик жаралган. Ч.А. унаадан түшүп, кесиптешинин унаасын чаап жиберген. Ага жини келген Т.Т. бачык менен сайып салган», — деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар