03:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт бюджеттен каржылана турган 30 бизнес долбоорду жактырды

Өкмөт республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 миллиард сомдун четинен каржылана турган 19 долбоорду жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

19 долбоордун жалпы суммасы — 155 миллион 459 миң сом.

Белгилей кетсек, өкмөт аймактарды өнүктүрүү максатында инвестициялык бизнес жана инфраструктуралык долбоорлорго сынак жарыялаган. Ага бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн.

«Ысык-Көлдө туризмге, Нарын облусунда мал чарбачылыгына басым жасайбыз. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында милдеттер жетиштүү. Алардын бири — жаңы ишканаларды ачуу. Бул чечим кошумча жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүүгө дем берет. Долбоорлордун санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл», — дейт вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Кезектеги жыйында комиссиянын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600 миллион сомдон ашуун 39 бизнес долбоор сунушталпт.

Жалпысынан Кыргызстындын долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы тарабынан 538,3 миллион сомго 30 долбоор жактырылган. Алар үзүрлүү ишке ашырылса, аймактарда 1 миң 451 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар