02:38
USD 86.80
EUR 91.22
RUB 0.82

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 244,61 сомго кымбаттады

Ушул жылдын октябрында көмүрдүн баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тоннасына 244,61 сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында көмүрдүн баасы 55,91 сомго, Ноокатта 244,51 сомго, Бишкекте 229,44 сомго кымбаттады.

Ноябрдын алгачкы жумасында көмүрдүн чекене баасы 162,93 сомго (тоннасы) көтөрүлгөнү байкалды. Өткөн жумада эң кымбат делип кара алтындын бир тоннасы Кара-Суу шаарында 8 миң 485,28 сомдон сатылды. Ал эми эң төмөнкү баа менен Чаекте, Нарында жана Балыкчыда сатылды.

Эң көп окулган жаңылыктар