10:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адам өлтүргөн. Орусияда кыргызстандык жаран 10 жылга эркинен ажыратылды

Иркутск облусунда жетекчисинин өлүмүнө айыпталган кыргызстандык Гайратбек Ульмасов 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28-октябрда шектүү мурунку жетекчиси, кытайлык жаранды металл түтүк менен башка бир канча жолу коюп жиберген. Окуя Усть-Илимскте катталган.

Кол салган жаран окуя болгон жерден качып кеткен, андан кийин Орусиянын аймагынан из жашырган. Укук коргоочулар ага издөө жарыялап, көп убакыт өтпөй Ульмасов Новосибирскке учуп келгенде кармалды.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөй турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар