14:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто адам өлүмүнө шектелип зоодүкөндүн ээси кармалды

Ошто адам өлүмүнө шектелип зоодүкөндүн ээси кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-ноябрда ооруканадан бычактан алган жаракатынан улам 35 жаштагы жаран каза болду деген билдирүү келген. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Милиция күбөлөрдү суракка алып чыкты. Алар каза болгон жаран зоодүкөндүн имаратын ижарага алып жүргөнүн айтышкан. 1-ноябрда дүкөн ээси менен каза болгон жарандын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кожоюн бычак менен көкүрөккө сайып жибергени маалым болду. Дүкөн ээси кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар