19:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ошто жылуулук 5-ноябрдан тарта бериле баштайт

Ошто жылуулук 5-ноябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка мэр Таалайбек Сарыбашев кол койду.

Маалыматка караганда, алгач жылуулук менен ооруканалар, бала бакчалар, мектептер жана турак үйлөр камсыздалат.

Ош шаарынын жылуулук энергетикалык борборунун запасында 4 миң 108 тонна мазут бар. Сактоого дагы 6 миң тонна алынып келинет.

Ош ЖЭБи 319 көп кабаттуу үйдү, 88 бюджеттик уюмдарды, 12 оорукана жана бейтапкананы, 5 өндүрүш объекттерин жылуулук менен камыздап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар