23:51
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Москва районунда 5 мектеп толугу менен курулуп бүтпөй турат

Чүй облусуна караштуу Москва районунда 5 мектеп толугу менен курулуп бүтпөй турат. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда маалым болду. 

Депутат Бахадыр Сулеймановдун айтымында, жылына 10 мектеп курулган айрым райондор бар, ал эми Чүй облусу боюнча 5 жылда болгону 3 окуу мекемеси курулду. «Ал районду атабай эле коеюн, ансыз деле баары билет. Эмне үчүн Каржы министрлиги каражат жок деп шылтайт? Сиздер бюджетти түзүп, биз аны бекитебиз. Капиталдык курулушка ачалар салынган, бирок министрлик каражат жок деп карап отурат», — деди Бахадыр Сулейманов.

Ал мектептердин толугу менен курулуп бүтпөй калганына Мамлекеттик курулуш агенттиги гана эмес, Каржы министрлиги дагы күнөөлүү деди.

Эң көп окулган жаңылыктар