05:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Милиция таксисттин өлүмү боюнча фактынын бетин ачты

Милиция таксисттин өлүмү боюнча фактынын бетин ачты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Эске салсак, 22-октябрда «Манас» аба майданынын жанындагы унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылганын Чүй ОИИББдан билдиришкен. Анда айдоочунун жанындагы 10 миң доллары жоголгону айтылган.

«Аталган кылмышка шектүү катары буга чейин бир канча жолу соттолгон 27 жаштагы Б.Ч. жана 32 жаштагы И.А. кармалды. Экөө тең 2018-жылдын октябрынан бери жатак абакта жаза өтөп жатканы маалым болду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алардын шериги 28 жаштагы М.А. дагы буга чейин соттолуп чыкканы айтылууда. Аны кармоо боюнча тергөө иш чарасы жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар